Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 5

ٱدۡعُوهُمۡ لِأٓبَآئِهِمۡ هُوَ أَقۡسَطُ عِندَ ٱللَّهِۚ فَإِن لَّمۡ تَعۡلَمُوٓاْ ءَابَآءَهُمۡ فَإِخۡوَٰنُكُمۡ فِي ٱلدِّينِ وَمَوَٰلِيكُمۡۚ وَلَيۡسَ عَلَيۡكُمۡ جُنَاحٞ فِيمَآ أَخۡطَأۡتُم بِهِۦ وَلَٰكِن مَّا تَعَمَّدَتۡ قُلُوبُكُمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمًا ٥
Силер балам деп ойлогон бакма балдарыңарды өз аталарынын аттары менен чакыргыла. Аларды өз аталарына таандык кылуу Аллахтын алдында адилеттик. Эгер алардын өз аталарын билбесеңер, анда алар силердин диндеш бир туугандарыңар жана мүмкүн кулчулуктан аларды куткарган кишилериңер. Аларды «оо, ага же ини» же «оо, абамдын баласы» деп чакыргыла. Эгер билбестен өгөй атасынын аты менен чакырып алсаңар күнөөкөр болбойсуңар. Бирок муну билип туруп айтсаңар күнөө аласыңар. Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларды катачылык себептүү жазалабаган Ырайымдуу.