Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 6

ٱلنَّبِيُّ أَوۡلَىٰ بِٱلۡمُؤۡمِنِينَ مِنۡ أَنفُسِهِمۡۖ وَأَزۡوَٰجُهُۥٓ أُمَّهَٰتُهُمۡۗ وَأُوْلُواْ ٱلۡأَرۡحَامِ بَعۡضُهُمۡ أَوۡلَىٰ بِبَعۡضٖ فِي كِتَٰبِ ٱللَّهِ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُهَٰجِرِينَ إِلَّآ أَن تَفۡعَلُوٓاْ إِلَىٰٓ أَوۡلِيَآئِكُم مَّعۡرُوفٗاۚ كَانَ ذَٰلِكَ فِي ٱلۡكِتَٰبِ مَسۡطُورٗا ٦
Мухаммад пайгамбар момундарды кайсы нерсеге чакырбасын, алардын көңүлү башкага тартып турса да пайгамбар алар үчүн өз жандарынан да артык болуш керек. Ал эми анын аялдары жалпы мусулмандардын энелери. Андыктан пайгамбар өлгөндөн кийин мусулмандар үчүн анын аялдарына үйлөнүү арам. Аллахтын өкүмү боюнча ыймандуулар менен Аллах жолунда көчкөндөргө караганда туугандык катышы барлар бири-биринен мурас алууда акысы жогору. Алар Исламдын баштапкы учурунда бири-биринен мурас алышчу. Бирок кийин көп өтпөй алардын бири-биринен мурас алуу өкүмү жокко чыгарылган. Эй, ыймандуулар! Бирок силерге мураскер болбогон жакын досторуңарга мурас осуят кылсаңар же жакшылык кылсаңар уруксат. Мына ушул өкүм “Сакталынган (тагдыр) Тактада” жазылган. Андыктан аны аткаруу милдет.