Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 7

وَإِذۡ أَخَذۡنَا مِنَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ مِيثَٰقَهُمۡ وَمِنكَ وَمِن نُّوحٖ وَإِبۡرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ وَعِيسَى ٱبۡنِ مَرۡيَمَۖ وَأَخَذۡنَا مِنۡهُم مِّيثَٰقًا غَلِيظٗا ٧
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир убакта Биз пайгамбарлардан Аллахка эч нерсени шерик кылбастан жалгыз Ага сыйынуу тууралуу жана аларга түшкөн вахийди жеткирүү тууралуу бекем убада алганбыз. Ошондой эле жеке сенден, Нухтан, Ибрахимден, Мусадан жана Мариямдын уулу Исадан да Аллахтын жолдомосун жеткирүү милдеттемесин аткарууга анык убада алганбыз.