Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 41

إِنَّآ أَنزَلۡنَا عَلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ لِلنَّاسِ بِٱلۡحَقِّۖ فَمَنِ ٱهۡتَدَىٰ فَلِنَفۡسِهِۦۖ وَمَن ضَلَّ فَإِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيۡهَاۖ وَمَآ أَنتَ عَلَيۡهِم بِوَكِيلٍ ٤١
Оо, пайгамбар! Биз сени адамдарды эскертсиң деп алар үчүн сага Куранды акыйкат менен түшүрдүк. Ким туура жолго түшсө, анда анын туура жолго түшкөнү өзүнө гана пайда. Анын тууралыкка түшкөнү Аллахка эч кандай пайда келтирбейт. Анткени Ал ага муктаж эмес. Ал эми ким адашса, анда ал адашканынын зыянын өзү гана тартат. Анын адашканы Аллахка эч кандай зыян бербейт. Сен аларды туура жолго салууга кепил эмессиң. Сен өзүңө буйрулганды гана аларга жеткирүүгө милдеттүүсүң.