Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 42

ٱللَّهُ يَتَوَفَّى ٱلۡأَنفُسَ حِينَ مَوۡتِهَا وَٱلَّتِي لَمۡ تَمُتۡ فِي مَنَامِهَاۖ فَيُمۡسِكُ ٱلَّتِي قَضَىٰ عَلَيۡهَا ٱلۡمَوۡتَ وَيُرۡسِلُ ٱلۡأُخۡرَىٰٓ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمًّىۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَتَفَكَّرُونَ ٤٢
Аллах жандарды ажалы жеткенде алат. Ошондой ажалы келе элек уйкудагы жандарды да алат, өлөт деп өкүм кылынганын кармап калат, ал эми Аллахтын илиминде белгилүү бир мөөнөткө чейин жашайт деп өкүм кылынгандарды коё берет. Чындыгында жанды алууда, коё берүүдө, өлтүрүүдө жана тирилтүүдө – ушундай нерселерди кылган Аллах адамдарды өлгөндөн кийин сурак, сыйлык же жаза үчүн кайра тирилтүүгө кудуреттүү деп ой жүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар.