Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 73

وَسِيقَ ٱلَّذِينَ ٱتَّقَوۡاْ رَبَّهُمۡ إِلَى ٱلۡجَنَّةِ زُمَرًاۖ حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءُوهَا وَفُتِحَتۡ أَبۡوَٰبُهَا وَقَالَ لَهُمۡ خَزَنَتُهَا سَلَٰمٌ عَلَيۡكُمۡ طِبۡتُمۡ فَٱدۡخُلُوهَا خَٰلِدِينَ ٧٣
Ал эми Раббисинин буйруктарын аткарып, Анын тыйгандарын таштап Андан корккон ыймандууларды периштелер сыпайылык, сый-урмат менен топ-топ кылып бейишке алып келишет. Качан алар бейишке келгенде анын эшиктери ачылат. Жана ага сакчылык кылган периштелер аларга: «Силерге жакпаган бардык нерселерден жана бүткүл жамандыктардан саламаттык болсун! Жүрөгүңөр да, ишиңер да таза болду. Эми силер түбөлүк кала турган бейишке киргиле!» – деп айтышат.