Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 74

وَقَالُواْ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي صَدَقَنَا وَعۡدَهُۥ وَأَوۡرَثَنَا ٱلۡأَرۡضَ نَتَبَوَّأُ مِنَ ٱلۡجَنَّةِ حَيۡثُ نَشَآءُۖ فَنِعۡمَ أَجۡرُ ٱلۡعَٰمِلِينَ ٧٤
Ыймандуулар бейишке киргенде: «Пайгамбарлардын тили менен бизге берген убадасын аткарган Аллахка мактоолор болсун! Ал бизди бейишке киргизем, бейиш жерине мураскор кылам деп убада кылган. Эми биз анын каалаган жеринен орун алабыз. Раббисинин Жүзүн каалап жакшылык иштерди кылгандардын сыйлыгы кандай сонун!» – деп айтышат.