Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 75

وَتَرَى ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ حَآفِّينَ مِنۡ حَوۡلِ ٱلۡعَرۡشِ يُسَبِّحُونَ بِحَمۡدِ رَبِّهِمۡۚ وَقُضِيَ بَيۡنَهُم بِٱلۡحَقِّۚ وَقِيلَ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ ٧٥
Бул улуу күндө периштелер Аллахты каапырлардын айткан Ага ылайыксыз сөздөрүнөн аруулап, Аршты тегеректеп турушат жана Аллах бардык макулуктардын ортосунда адилеттик менен өкүм кылат. Каалаганын урматтайт, каалаганын азаптайт. Жана айтылат: «Ыймандууларга ырайымдуулук менен, каапырларга азап менен өкүм кылган бүткүл макулуктардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун!».