Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 8

۞ وَإِذَا مَسَّ ٱلۡإِنسَٰنَ ضُرّٞ دَعَا رَبَّهُۥ مُنِيبًا إِلَيۡهِ ثُمَّ إِذَا خَوَّلَهُۥ نِعۡمَةٗ مِّنۡهُ نَسِيَ مَا كَانَ يَدۡعُوٓاْ إِلَيۡهِ مِن قَبۡلُ وَجَعَلَ لِلَّهِ أَندَادٗا لِّيُضِلَّ عَن سَبِيلِهِۦۚ قُلۡ تَمَتَّعۡ بِكُفۡرِكَ قَلِيلًا إِنَّكَ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلنَّارِ ٨
Эгерде каапыр адам оору, мал-мүлк жоготуу, сууга чөгүү сыяктуу зыянга учураса, ал Раббисине гана кайтып, андагы зыянды кетирүүсүн сурап дуба кылат. Кийин Ал анын башына түшкөн зыянды кетирип жакшылык кылган болсо, анда ага чейин Аллахка жалынганын таштап коёт жана башкаларды Аллахка карай жеткирген жолдон адаштырыш үчүн Ага башкаларды шерик кылып сыйынышат. Оо, пайгамбар! Ушундай абалдагы адамдарга айт: «Калган өмүрүңдө каапырлыгың менен жыргап ал. Ал аз гана убакыт. Чындыгында сен кыяматта дос досту коштогондой тозокко киргендер менен бирге болосуң.