Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 9

أَمَّنۡ هُوَ قَٰنِتٌ ءَانَآءَ ٱلَّيۡلِ سَاجِدٗا وَقَآئِمٗا يَحۡذَرُ ٱلۡأٓخِرَةَ وَيَرۡجُواْ رَحۡمَةَ رَبِّهِۦۗ قُلۡ هَلۡ يَسۡتَوِي ٱلَّذِينَ يَعۡلَمُونَ وَٱلَّذِينَ لَا يَعۡلَمُونَۗ إِنَّمَا يَتَذَكَّرُ أُوْلُواْ ٱلۡأَلۡبَٰبِ ٩
Же болбосо, Аллахка моюн сунуп, түнкү убакыттарды Раббисине сажда кылган, намазда турган абалда өткөргөн, акырет азабынан корккон, Раббисинин ырайымын үмүт кылган адам жакшыбы же кыйналганда гана Аллахка сыйынып, барчылыкта Ага каапырлык кылган жана Аллахка шериктерди кошкон адамбы жакшыбы? Оо, пайгамбар! Аллахты таанып билишкени себептүү аларга милдет болгон нерселерди билгендер менен булардын эч бирин билбегендер тең боло алабы? Чындыгында бул эки топтун айырмачылыгын туура акыл жүгүрткөндөр гана билишет.