Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Ash-Shuraa — Ayah 11

فَاطِرُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ جَعَلَ لَكُم مِّنۡ أَنفُسِكُمۡ أَزۡوَٰجٗا وَمِنَ ٱلۡأَنۡعَٰمِ أَزۡوَٰجٗا يَذۡرَؤُكُمۡ فِيهِۚ لَيۡسَ كَمِثۡلِهِۦ شَيۡءٞۖ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡبَصِيرُ ١١
Аллах асмандар менен жерди мурун болбогондой көрүнүштө Жаратуучу. Ал силерге өзүңөрдөн жубайларды жаратты. Жана силерге төө, уй жана койлорду көбөйтүш үчүн жуп кылып жаратты. Ошондой эле Ал силерди үйлөнүү аркылуу өзүңөрдөн болгон жубайларыңардан жаратат жана силерге жан-жаныбарлардын эттери жана сүттөрү аркылуу жашоо берет. Ага макулуктардын эч бири окшобойт. Ал пенделеринин сөздөрүн Угуучу. Алардын эч бирин өткөрүп жибербейт. Ал жакында аларга иш-аракеттери үчүн сыйлык же жазасын берет. Жакшы болсо жакшы, жаман болсо жаман болот.