Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Ash-Shuraa — Ayah 12

لَهُۥ مَقَالِيدُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ يَبۡسُطُ ٱلرِّزۡقَ لِمَن يَشَآءُ وَيَقۡدِرُۚ إِنَّهُۥ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٞ ١٢
Асмандар менен жер казыналарынын ачкычтары жалгыз Ага таандык. Ал пенделери шүгүр кылабы же четке кагабы деп сынаш үчүн Өзү каалаганына ырыскыны кең кылат. Ошондой эле алар сабыр кылабы же Аллахтын тагдырына кажырланабы деп сынаш үчүн Өзү каалаганынын ырыскысын тар кылат. Чындыгында Ал бардык нерсени Билүүчү. Пенделерине пайдалуу болгон нерселердин эч бири Ага жашыруун эмес.