Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Ash-Shuraa — Ayah 13

۞ شَرَعَ لَكُم مِّنَ ٱلدِّينِ مَا وَصَّىٰ بِهِۦ نُوحٗا وَٱلَّذِيٓ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ وَمَا وَصَّيۡنَا بِهِۦٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ وَعِيسَىٰٓۖ أَنۡ أَقِيمُواْ ٱلدِّينَ وَلَا تَتَفَرَّقُواْ فِيهِۚ كَبُرَ عَلَى ٱلۡمُشۡرِكِينَ مَا تَدۡعُوهُمۡ إِلَيۡهِۚ ٱللَّهُ يَجۡتَبِيٓ إِلَيۡهِ مَن يَشَآءُ وَيَهۡدِيٓ إِلَيۡهِ مَن يُنِيبُ ١٣
Биз Нухка жеткир жана аны иш жүзүндө аткар деп буйруганыбыз сыяктуу силерге да динди шарият кылдык. Оо, пайгамбар! Биз сага вахий кылган нерселерди да шарият кылдык. Ошондой эле Биз Ибрахимге, Мусага, Исага жеткиргиле жана аны иш жүзүндө аткаргыла, бир сөз менен айтканда: «Динди толук тургузгула жана анда бөлүнүп-жарылбагыла» – деген сыяктуу буйруктарыбызды силерге да шарият кылдык. Силер мушриктерди Аллахка гана сыйынып, Андан башкага сыйынбагыла деген чакырыгыңар алар үчүн оор болду. Аллах пенделеринен Өзү каалагандарын тандап, Өзүнө сыйынууга жана моюн сунууга ийгилик берет, ошондой эле күнөөлөрүнө тообо кылып Ага кайткандарды Өзүнө карай багыттайт.