Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Ash-Shuraa — Ayah 14

وَمَا تَفَرَّقُوٓاْ إِلَّا مِنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَهُمُ ٱلۡعِلۡمُ بَغۡيَۢا بَيۡنَهُمۡۚ وَلَوۡلَا كَلِمَةٞ سَبَقَتۡ مِن رَّبِّكَ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى لَّقُضِيَ بَيۡنَهُمۡۚ وَإِنَّ ٱلَّذِينَ أُورِثُواْ ٱلۡكِتَٰبَ مِنۢ بَعۡدِهِمۡ لَفِي شَكّٖ مِّنۡهُ مُرِيبٖ ١٤
Каапырлар менен мушриктерге Мухаммад жиберилип, аларга далил коюлгандан кийин бөлүнүп кетишти. Алардын бөлүнүп-жарылуусу чектен чыгуу жана зулумдук себептен гана болду. Эгерде Аллах аларга азапты белгилүү бир мөөнөткө чейин, тагыраак айтканда кыямат күнгө чейин кечиктирет деп алдын ала Анын илиминде жазылбаганда, анда Аллах алардын ортосунда өкүм чыгармак, аларга каапырлыктары жана пайгамбарларды жалганга чыгаргандары себептүү азапты эртелетмек. Ал эми Тооратты мураска алган жөөттөр, ата-бабаларынан кийин Инжилди алган христиандар, алардан кийинки мушриктер Мухаммад алып келген бул Куранга катуу шектеништи жана аны жалганга чыгарышты.