Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Ash-Shuraa — Ayah 15

فَلِذَٰلِكَ فَٱدۡعُۖ وَٱسۡتَقِمۡ كَمَآ أُمِرۡتَۖ وَلَا تَتَّبِعۡ أَهۡوَآءَهُمۡۖ وَقُلۡ ءَامَنتُ بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ مِن كِتَٰبٖۖ وَأُمِرۡتُ لِأَعۡدِلَ بَيۡنَكُمُۖ ٱللَّهُ رَبُّنَا وَرَبُّكُمۡۖ لَنَآ أَعۡمَٰلُنَا وَلَكُمۡ أَعۡمَٰلُكُمۡۖ لَا حُجَّةَ بَيۡنَنَا وَبَيۡنَكُمُۖ ٱللَّهُ يَجۡمَعُ بَيۡنَنَاۖ وَإِلَيۡهِ ٱلۡمَصِيرُ ١٥
Сен бул туура динге чакыр, Аллах сага буйругандай ага бекем бол, алардын жалган каалоолорун ээрчибе жана алар менен талашып-тартышканда айт: «Мен Аллахка жана Ал пайгамбарларына түшүргөн китептерге ыйман келтирдим. Аллах мага силердин ортоңордо адилеттик менен өкүм кылууну буйруду. Мен сыйынган Аллах – Ал менин да, силердин Раббиңер. Биздин кылган иштерибиз жакшы болсо да, жаман болсо да өзүбүз үчүн. Силердин кылган иштериңер жакшы болсо да, жаман болсо да өзүңөр үчүн. Биздин ортобузда далил ачык-айкын болгондон кийин эч кандай талашып-тартышуу жок. Аллах баарыбызды чогултат. Кыяматта Ага гана кайтабыз. Ошондо Ал ар бирибизге өзүбүз татыктуу болгон сыйлыкты же жазаны берет. Мына ошол кезде чынчылдан алдамчы, акыйкатчыдан жалганчы айырмаланат».