Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Ash-Shuraa — Ayah 20

مَن كَانَ يُرِيدُ حَرۡثَ ٱلۡأٓخِرَةِ نَزِدۡ لَهُۥ فِي حَرۡثِهِۦۖ وَمَن كَانَ يُرِيدُ حَرۡثَ ٱلدُّنۡيَا نُؤۡتِهِۦ مِنۡهَا وَمَا لَهُۥ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ مِن نَّصِيبٍ ٢٠
Кимде-ким акырет сообуна жетем деп ага ылайык иш-аракеттерди кылса, Биз анын сооп-сыйлыгын эселеп беребиз. Бир жакшылык иш он эседен жети жүз эсеге чейин эселеп-эселеп көбөйтүлөт. Ал эми ким дүйнөнү гана кааласа, Биз ага жазылган насибин беребиз. Бирок ал дүйнөнү артык көргөнү үчүн акыретте эч кандай энчиге ээ болбойт.