Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Ash-Shuraa — Ayah 21

أَمۡ لَهُمۡ شُرَكَٰٓؤُاْ شَرَعُواْ لَهُم مِّنَ ٱلدِّينِ مَا لَمۡ يَأۡذَنۢ بِهِ ٱللَّهُۚ وَلَوۡلَا كَلِمَةُ ٱلۡفَصۡلِ لَقُضِيَ بَيۡنَهُمۡۗ وَإِنَّ ٱلظَّٰلِمِينَ لَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ ٢١
Же болбосо ал мушриктердин Аллахтан башка кудайлары барбы жана алар Аллах Өз шариятында уруксат бербеген ширк кылуу, адалды арам же арамды адал кылуу сыяктуу нерселерди аларга динден деп шарият кылып беришеби? Эгер Аллах талашып-тартышкандардын ортосунда өкүм кылууга атайын бир мөөнөттү белгилебегенде жана аларды ошого чейин калтырам дебегенде, анда алардын ортосунда сөзсүз өкүм кылмак. Чындыгында Аллахка ширк жана күнөө кылып өздөрүнө зулумдук кылгандарды кыямат күнү күткөн кыйноочу азап бар.