Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Ash-Shuraa — Ayah 22

تَرَى ٱلظَّٰلِمِينَ مُشۡفِقِينَ مِمَّا كَسَبُواْ وَهُوَ وَاقِعُۢ بِهِمۡۗ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فِي رَوۡضَاتِ ٱلۡجَنَّاتِۖ لَهُم مَّا يَشَآءُونَ عِندَ رَبِّهِمۡۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَضۡلُ ٱلۡكَبِيرُ ٢٢
Оо, пайгамбар! Сен ширк жана күнөө кылып өздөрүнө зулумдук кылгандарды күнөөлөрү себептүү жазалануудан жана сөзсүз ишке ашуучу жазадан коркушкандарын көрөсүң. Аларга тообосуз коркунуч эч пайда бербейт. Ал эми булардан айырмаланып Аллахка, Анын элчилерине ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар ырахаттанган абалда бейиш бакчаларында болушат. Алар үчүн Раббисинин алдында алар каалагандай түгөнбөс жакшылыктын түрлөрү болот. Мына ушул эч бир жакшылык тең келбегендей улуу жакшылык.