Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Ash-Shuraa — Ayah 23

ذَٰلِكَ ٱلَّذِي يُبَشِّرُ ٱللَّهُ عِبَادَهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِۗ قُل لَّآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ أَجۡرًا إِلَّا ٱلۡمَوَدَّةَ فِي ٱلۡقُرۡبَىٰۗ وَمَن يَقۡتَرِفۡ حَسَنَةٗ نَّزِدۡ لَهُۥ فِيهَا حُسۡنًاۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ شَكُورٌ ٢٣
Бул Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга Өзүнүн пайгамбары аркылуу сүйүнчүлөгөн улуу куш кабар. Оо, пайгамбар! Айткын: «Мен силерге жеткирген акыйкат үчүн сыйлык сурабайм. Мен силерден пайдасы өзүңөргө гана кайта турган бир гана нерсеси сурайм – силерге болгон жакындыгым үчүн мени жакшы көргүлө». Ким жакшылык кылса, анын сообун эселеп беребиз. Бир жакшылык он эсеге көбөйтүлөт. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине кечиримдүү, Анын Жүзүн каалап жакшылык иштерди кылгандарга ыраазы болуучу.