Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Ash-Shuraa — Ayah 24

أَمۡ يَقُولُونَ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبٗاۖ فَإِن يَشَإِ ٱللَّهُ يَخۡتِمۡ عَلَىٰ قَلۡبِكَۗ وَيَمۡحُ ٱللَّهُ ٱلۡبَٰطِلَ وَيُحِقُّ ٱلۡحَقَّ بِكَلِمَٰتِهِۦٓۚ إِنَّهُۥ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ ٢٤
Мушриктер Мухаммад бул Куранды өзү ойлоп таап, аны Раббисине таандык кылып жатат деп ойлошот. Аллах аларга жооп кылып айтты: «Эгерде сен жалган жалаа ойлоп табам деп өзүңө айткан болсоң, анда Мен сенин жүрөгүңдү мөөрлөп коймокмун жана жалган жалааны өчүрүп, акыйкатты калтырмакмын. Бирок иштин мындай болбогондугу – Раббиси тараптан вахий кылынган нерседе пайгамбар чынчыл экендигине далил болот. Чындыгында Аллах пенделеринин жүрөгүндөгү нерселерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.