Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Ash-Shuraa — Ayah 48

فَإِنۡ أَعۡرَضُواْ فَمَآ أَرۡسَلۡنَٰكَ عَلَيۡهِمۡ حَفِيظًاۖ إِنۡ عَلَيۡكَ إِلَّا ٱلۡبَلَٰغُۗ وَإِنَّآ إِذَآ أَذَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ مِنَّا رَحۡمَةٗ فَرِحَ بِهَاۖ وَإِن تُصِبۡهُمۡ سَيِّئَةُۢ بِمَا قَدَّمَتۡ أَيۡدِيهِمۡ فَإِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ كَفُورٞ ٤٨
Оо, пайгамбар! Эгерде алар сенин буйругуңдан баш тартышса, Биз сени алардын иш-аракеттерин сактоочу кылып жиберген эмеспиз. Сен өзүңө буйрулганды гана жеткирүүгө милдеттүүсүң, ал эми аларды суракка алуу Аллахтын милдетинде. Эгерде Биз адам баласына Өзүбүз тараптан байлык, ден-соолук же ушуга окшогон нерселерди берип ырайым кылсак, ал ага сүйүнөт. А эгер анын башына күнөөлөрү себептүү ага жакпагандай кыйынчылыктар келсе, акыйкатта алар табиятынан Аллахтын жакшылыктарын танып кетишет, ага шүгүр кылышпайт жана Аллахтын Өз даанышмандыгы менен тагдыр кылган нерсесине ачууланышат.