Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Ash-Shuraa — Ayah 49

لِّلَّهِ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ يَخۡلُقُ مَا يَشَآءُۚ يَهَبُ لِمَن يَشَآءُ إِنَٰثٗا وَيَهَبُ لِمَن يَشَآءُ ٱلذُّكُورَ ٤٩ أَوۡ يُزَوِّجُهُمۡ ذُكۡرَانٗا وَإِنَٰثٗاۖ وَيَجۡعَلُ مَن يَشَآءُ عَقِيمًاۚ إِنَّهُۥ عَلِيمٞ قَدِيرٞ ٥٠
Асмандар менен жердин мүлкү Аллахка гана таандык. Ал эркек же ургаачы же башка ушул сыяктуу Өзү каалаган нерсени жаратат. Кимге кааласа кыз берип, уул бербейт жана кимге кааласа уул берип, кыз бербейт. Же кимге кааласа уул да, кыз да берет жана кимди кааласа төрөбөс кылып коёт. Чындыгында Ал болуп жаткан жана келечекте боло турган нерселерди Билүүчү. Бул анын илими менен даанышмандыгы кемчиликсиз экенин билдирет. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес жана Аны эч бир нерсе алсырата албайт.