Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahqaf — Ayah 3

مَا خَلَقۡنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَآ إِلَّا بِٱلۡحَقِّ وَأَجَلٖ مُّسَمّٗىۚ وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ عَمَّآ أُنذِرُواْ مُعۡرِضُونَ ٣
Биз асмандар менен жерди жана алардын ортосундагыларды жөн салды жараткан эмеспиз. Биз алардын баарын акыйкаттык менен жеткиликтүү даанышмандыкта жараттык. Ошол даанышмандыктан бири - пенделер ошолор аркылуу Аллахты таанып билүүсү, Ага эч нерсени шерик кылбастан жалгыз Ага ибадат кылуусу, Аллахка гана белгилүү мөөнөткө чейин жер бетинде орун басарлык милдетин аткарып туруусу. Ал эми Аллахка каапыр болгондор Анын китебиндеги эскертүүлөрдөн жүз буруп, көңүл бурбай коюшту.