Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahqaf — Ayah 4

قُلۡ أَرَءَيۡتُم مَّا تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَرُونِي مَاذَا خَلَقُواْ مِنَ ٱلۡأَرۡضِ أَمۡ لَهُمۡ شِرۡكٞ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِۖ ٱئۡتُونِي بِكِتَٰبٖ مِّن قَبۡلِ هَٰذَآ أَوۡ أَثَٰرَةٖ مِّنۡ عِلۡمٍ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ ٤
Оо, пайгамбар! Акыйкаттан жүз бурган мушриктерге айт: «Мага айткылачы, силер Аллахтан башка сыйынып жаткан кудайларыңар жердин кайсы бөлүгүн жаратты? Алар тоолорду жараттыбы? Алар дарыяларды жараттыбы? Же асмандарды жаратууда алардын Аллах менен шериктештиги же энчиси барбы? Кудайларыңар сыйынууга татыктуу деген сөзүңөр чын болсо, анда Аллах тараптан Курандан мурун түшкөн китепти же абалкылардан сакталып калган илимди мага алып келгилечи?».