Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahqaf — Ayah 8

أَمۡ يَقُولُونَ ٱفۡتَرَىٰهُۖ قُلۡ إِنِ ٱفۡتَرَيۡتُهُۥ فَلَا تَمۡلِكُونَ لِي مِنَ ٱللَّهِ شَيۡـًٔاۖ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَا تُفِيضُونَ فِيهِۚ كَفَىٰ بِهِۦ شَهِيدَۢا بَيۡنِي وَبَيۡنَكُمۡۖ وَهُوَ ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ ٨
Ал мушриктер: «Мухаммад бул Куранды өз оюнан чыгарып, аны Аллахка таандык кылып койду» – деп жатышабы? Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Эгерде мен аны өз оюмдан чыгарсам, анда силер Аллахтын мага каалаган азабынан куткаруунун айласын таба алмак эмессиңер. Мен Анын атынан оюмдан чыгарып өзүмдү-өзүм кантип азапка салмак элем? Силер Аллахтын Кураны тууралуу жаман сөздөрдү айтып жана мени жаманатты кылып жатканыңарды Ал жакшы билет. Ал силер менен менин ортобузда күбө болууга Өзү жетиштүү. Ал тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу».