Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahqaf — Ayah 9

قُلۡ مَا كُنتُ بِدۡعٗا مِّنَ ٱلرُّسُلِ وَمَآ أَدۡرِي مَا يُفۡعَلُ بِي وَلَا بِكُمۡۖ إِنۡ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَىٰٓ إِلَيَّ وَمَآ أَنَا۠ إِلَّا نَذِيرٞ مُّبِينٞ ٩
Оо, пайгамбар! Пайгамбарлыгыңды жалганга чыгарган мушриктерге айт: «Силер кылган дааватыма таң кала тургандай, Аллах тараптан биринчи пайгамбар болуп келип жаткан жокмун. Менден мурун да көптөгөн пайгамбарлар келишкен. Бул дүйнөдө Аллах мени жана силерди эмне кыларын билбеймин. Мен Аллахтын вахий кылган нерсесине гана ээрчийм. Менин айткан ар бир сөзүм, ар бир ишим Анын вахийине туура келет. Мен болгону силерге Аллахтын азабын эскерткен ачык эскертүүчүмүн».