Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Fath — Ayah 10

إِنَّ ٱلَّذِينَ يُبَايِعُونَكَ إِنَّمَا يُبَايِعُونَ ٱللَّهَ يَدُ ٱللَّهِ فَوۡقَ أَيۡدِيهِمۡۚ فَمَن نَّكَثَ فَإِنَّمَا يَنكُثُ عَلَىٰ نَفۡسِهِۦۖ وَمَنۡ أَوۡفَىٰ بِمَا عَٰهَدَ عَلَيۡهُ ٱللَّهَ فَسَيُؤۡتِيهِ أَجۡرًا عَظِيمٗا ١٠
О, пайгамбар! Меккелик мушриктер менен согушууга “Ризван” антын берип антташкандар, чынында Аллах менен антташты. Анткени, Ал Өзү аларды мушриктер менен согушууга буйруган жана аларга сыйлыгын Өзү берет. Антташуу учурунда Аллахтын колу алардын колунун үстүндө болду. Аллах аларды билип турат, алардын эч бир иши Ага жашыруун эмес. Ким антын бузса жана Аллахка берген "Анын динин колдойм" деген убадасын аткарбаса, анда антын бузуп, убадасын аткарбаганынын зыяны өзүнө гана тиет. Анысы Аллахка эч зыян тийгизбейт. Ал эми ким Аллахка берген "Анын динин колдойм" деген убадасын аткарса, анда Ал ага улуу сыйды - бейишти берет.