Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Fath — Ayah 11

سَيَقُولُ لَكَ ٱلۡمُخَلَّفُونَ مِنَ ٱلۡأَعۡرَابِ شَغَلَتۡنَآ أَمۡوَٰلُنَا وَأَهۡلُونَا فَٱسۡتَغۡفِرۡ لَنَاۚ يَقُولُونَ بِأَلۡسِنَتِهِم مَّا لَيۡسَ فِي قُلُوبِهِمۡۚ قُلۡ فَمَن يَمۡلِكُ لَكُم مِّنَ ٱللَّهِ شَيۡـًٔا إِنۡ أَرَادَ بِكُمۡ ضَرًّا أَوۡ أَرَادَ بِكُمۡ نَفۡعَۢاۚ بَلۡ كَانَ ٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرَۢا ١١
Оо, пайгамбар! Сени менен бирге Меккеге сапарга чыкпаган, Аллах калтырып койгон арабдарды жемелегең болсоң, алар сага: «Бизди сени менен бирге чыгуудан мал-мүлк жана бала-чака тиричиликтери алек кылып койду. Биздин күнөөлөрүбүз үчүн Аллахтан кечирим сур໬ – деп айтышат. Алар пайгамбардан алар үчүн кечирим сура деп жүрөгүндөгү болбогон нерсени тилдери менен айтышат. Анткени алар күнөөлөрүнө тообо кылышкан жок. Аларга айт: «Эгерде Аллах силерге жакшылык же жамандык кааласа, анда Аллах тараптан силерге эч ким эч нерсеге ээлик кыла албайт». Тескерисинче, Аллах силердин кылган иш-аракеттериңерден кабардар. Иш-аракеттериңерди канчалык жашырсаңар да алардын эч бири Ага жашыруун эмес.