Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Fath — Ayah 12

بَلۡ ظَنَنتُمۡ أَن لَّن يَنقَلِبَ ٱلرَّسُولُ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَ إِلَىٰٓ أَهۡلِيهِمۡ أَبَدٗا وَزُيِّنَ ذَٰلِكَ فِي قُلُوبِكُمۡ وَظَنَنتُمۡ ظَنَّ ٱلسَّوۡءِ وَكُنتُمۡ قَوۡمَۢا بُورٗا ١٢
Силердин "мал-мүлк жана бала-чака тирилиги менен алек болуп калдык" деген шылтооңор силердин пайгамбар менен барбай койгуңардын негизги себеби эмес. Тескерисинче, силер пайгамбар жана сахабалардын баары кырылып, Мединага үй-бүлөлөрүнө кайтып келбейт деп ойлогонсуңар. Шайтан бул ишти силердин жүрөгүңөргө кооз кылып көрсөттү жана Раббиси пайгамбарына жардам бербейт деп Ал тууралуу жаман ойлодуңар. Аллах тууралуу жаман ойлогонуңар жана Анын элчиси менен бирге барбаганыңар үчүн силер кыйроого учураган коом болдуңар.