Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Fath — Ayah 14

وَلِلَّهِ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ يَغۡفِرُ لِمَن يَشَآءُ وَيُعَذِّبُ مَن يَشَآءُۚ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمٗا ١٤
Асмандар менен жердин бийлиги жалгыз Аллахка таандык. Ал Өзү каалаган пендесинин күнөөлөрүн кечирип, аны Өз жакшылыгы менен бейишке киргизет жана Өз адилеттиги менен Өзү каалаган пендесин азаптайт. Аллах тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу.