Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Fath — Ayah 15

سَيَقُولُ ٱلۡمُخَلَّفُونَ إِذَا ٱنطَلَقۡتُمۡ إِلَىٰ مَغَانِمَ لِتَأۡخُذُوهَا ذَرُونَا نَتَّبِعۡكُمۡۖ يُرِيدُونَ أَن يُبَدِّلُواْ كَلَٰمَ ٱللَّهِۚ قُل لَّن تَتَّبِعُونَا كَذَٰلِكُمۡ قَالَ ٱللَّهُ مِن قَبۡلُۖ فَسَيَقُولُونَ بَلۡ تَحۡسُدُونَنَاۚ بَلۡ كَانُواْ لَا يَفۡقَهُونَ إِلَّا قَلِيلٗا ١٥
Оо, ыймандуулар! Силер Худайбия келишиминен кийин Аллах убада кылган Хайбардагы олжону алууңар үчүн жөнөгөнүңөрдө Аллах артта калтырган адамдар: «Биз деле силер менен барып, алчубузду алалы» – дешет. Ал артта калгандар бул суранычтары менен Аллахтын Худайбия келишиминен кийин Хайбар олжосун ыймандууларга гана берем деген убадасын өзгөртүүнү каалап жатышабы. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Ал олжолорго биз менен барбайсыңар. Анткени Аллах Хайбар олжосун Худайбияга катышкандарга гана берем деп убада кылган». Алар айтышат: «Биз менен барбайсыңар деп жатканыңар Аллахтан келген буйрук эмес. Мунун себеби силердин бизге болгон көрө албастыгыңардан». Бул иш артта калгандар ойлогондой эмес. Тескерисинче, алардын Аллахтын буйруктарын жана тыюуларын тайкы түшүнгөндүктөрүнөн. Ошондуктан алар Ага баш ийбестик кылышты.