Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Fath — Ayah 24

وَهُوَ ٱلَّذِي كَفَّ أَيۡدِيَهُمۡ عَنكُمۡ وَأَيۡدِيَكُمۡ عَنۡهُم بِبَطۡنِ مَكَّةَ مِنۢ بَعۡدِ أَنۡ أَظۡفَرَكُمۡ عَلَيۡهِمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرًا ٢٤
Мушриктерден сексендей адам Худайбияда силерге зыян берүүнү каалап келишкенде Ал алардын колун силерден тыйып койду жана силердин колуңарды да алардан тыйды. Ошондуктан аларды өлтүрбөдүңөр жана аларга зыян келтирбедиңер. Атүгүл аларды туткундап алганга кудуретиңер жетип турса да аларды бош коё бердиңер. Аллах силердин кылып жатканыңарды Көрүүчү. Ага силердин эч бир ишиңер жашыруун эмес.