Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Fath — Ayah 25

هُمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَصَدُّوكُمۡ عَنِ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِ وَٱلۡهَدۡيَ مَعۡكُوفًا أَن يَبۡلُغَ مَحِلَّهُۥۚ وَلَوۡلَا رِجَالٞ مُّؤۡمِنُونَ وَنِسَآءٞ مُّؤۡمِنَٰتٞ لَّمۡ تَعۡلَمُوهُمۡ أَن تَطَـُٔوهُمۡ فَتُصِيبَكُم مِّنۡهُم مَّعَرَّةُۢ بِغَيۡرِ عِلۡمٖۖ لِّيُدۡخِلَ ٱللَّهُ فِي رَحۡمَتِهِۦ مَن يَشَآءُۚ لَوۡ تَزَيَّلُواْ لَعَذَّبۡنَا ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنۡهُمۡ عَذَابًا أَلِيمًا ٢٥
Алар Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандар жана силерди Аль-Харам мечитинен жана курмандык чалуудан тоскондор. Ошол себептен алар Аль-Харамдагы курмандык чалынуучу жайына жетпей калып кетишти. Эгерде ал жакта силер тааныбаган Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирген эркектер менен аялдар бар болбогондо жана аларды каапырларга кошуп өлтүрүп алуу жана билбестен өлтүргөнүңөр үчүн күнөө алып, кун төлөө болбогондо, анда Аллах Меккедеги ыймандуулар сыяктуу адамдарды Өз ырайымына алуу үчүн силерге Меккени алууга сөзсүз уруксат бермек. Эгерде Меккедеги каапырлар менен ыймандуулар айырмаланып турганда, анда Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандарды катуу азаптамакпыз.