Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Fath — Ayah 26

إِذۡ جَعَلَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فِي قُلُوبِهِمُ ٱلۡحَمِيَّةَ حَمِيَّةَ ٱلۡجَٰهِلِيَّةِ فَأَنزَلَ ٱللَّهُ سَكِينَتَهُۥ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ وَعَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَأَلۡزَمَهُمۡ كَلِمَةَ ٱلتَّقۡوَىٰ وَكَانُوٓاْ أَحَقَّ بِهَا وَأَهۡلَهَاۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٗا ٢٦
Ошондо Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандар жүрөктөрүндө акыйкатты таанууга эмес, өз каалоолоруна байланышкан караңгылык доордогу текеберликти пайда кылышты жана Аллахтын элчиси аларды жеңиптир деген айып сөздөн коркуп, аны Худайбия жылында аларга кирүүдөн тыйышты. Аллах болсо Өз элчисине жана ыймандууларга Өз алдынан бейпилдикти түшүрдү жана алардын кыжырдануусу мушриктерге өздөрүндөй кылып жооп берүүгө жеткирген жок. Аллах ыймандууларга «Лаа илааха иллаллах (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок)» акыйкат сөзүн жана анын шарттарын аткарууну милдет кылды, алар аны аткарышты. Качан Аллах ыймандуулардын жүрөгүндөгү жакшылыкты билгенде алар башкаларга караганда бул сөзгө көбүрөөк акылуу жана татыктуу болушту. Аллах бардык нерселерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.