Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Fath — Ayah 27

لَّقَدۡ صَدَقَ ٱللَّهُ رَسُولَهُ ٱلرُّءۡيَا بِٱلۡحَقِّۖ لَتَدۡخُلُنَّ ٱلۡمَسۡجِدَ ٱلۡحَرَامَ إِن شَآءَ ٱللَّهُ ءَامِنِينَ مُحَلِّقِينَ رُءُوسَكُمۡ وَمُقَصِّرِينَ لَا تَخَافُونَۖ فَعَلِمَ مَا لَمۡ تَعۡلَمُواْ فَجَعَلَ مِن دُونِ ذَٰلِكَ فَتۡحٗا قَرِيبًا ٢٧
Аллах Өз элчиси түшүндө көргөн нерсени чындыкка айлантты. Ал тууралуу сахабаларына айтып берген. Ал түшүндө сахабалары менен бирге Аллахтын ыйык Үйүнө душмандардан зыян тартпастан кирип жатышкан экен. Диний жөрөлгөлөрдүн бүтүшүн жар салыш максатта алардын кээ бирлеринин чачтары кырылган, кээ бирлериники кыскартылган экен. Оо, ыймандуулар! Аллах силердин пайдаңарга тийиштүү силер билбеген нерсени билди. Ал ошол жылы Меккеге кирүү тууралуу түштү чындыкка айлантуудан тышкары жакында болуучу жеңишти кылды. Ал Аллахтын Худайбия келишимин иш жүзөгө ашыруусу жана андан соң Худайбияга келген ыймандуулардын кол астында Хайбардын багынып берүүсү.