Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Mujadila — Ayah 6

يَوۡمَ يَبۡعَثُهُمُ ٱللَّهُ جَمِيعٗا فَيُنَبِّئُهُم بِمَا عَمِلُوٓاْۚ أَحۡصَىٰهُ ٱللَّهُ وَنَسُوهُۚ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدٌ ٦
Ал күнү Аллах алардын бирин да калтырбастан, бүт баарысын кайра тирилтип, аларга дүйнөдө кылган жамандык иштери тууралуу кабар берет. Аллах аларды эсептеп койгон, алардын иш-аракеттеринин эч бирин өткөрүп жиберген эмес. Бирок алар муну унутуп коюшкан, кийин алар анын кичинеси да, чоңу да калтырылбастан эсептелген амал баракчаларында жазылганын көрүшөт. Аллах бардык нерседен кабардар. Алардын иш-аракеттеринин эч бири Ага жашыруун эмес.