Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Mujadila — Ayah 7

أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۖ مَا يَكُونُ مِن نَّجۡوَىٰ ثَلَٰثَةٍ إِلَّا هُوَ رَابِعُهُمۡ وَلَا خَمۡسَةٍ إِلَّا هُوَ سَادِسُهُمۡ وَلَآ أَدۡنَىٰ مِن ذَٰلِكَ وَلَآ أَكۡثَرَ إِلَّا هُوَ مَعَهُمۡ أَيۡنَ مَا كَانُواْۖ ثُمَّ يُنَبِّئُهُم بِمَا عَمِلُواْ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ إِنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٌ ٧
Оо, пайгамбар! Аллах асмандардагы жана жердеги нерселерди билет экенин билбейсиңби? Ал экөөсүндөгү эч бир нерсе Ага жашыруун эмес. Үч адамдын ортосунда жашыруун сөз болсо, Ал Өз илими менен алардын төртүнчүсү болот. Беш адамдын ортосунда жашыруун сөз болсо, Ал Өз илими менен алардын алтынчысы болот. Андан аз санда болобу, көп санда болобу, алар кайда болушпасын, Ал Өзү илими менен алар менен бирге. Андан кийин кыямат күнү Ал алардын кылгандары тууралуу кабар берет. Чындыгында Аллах бардык нерсени Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.