Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Mujadila — Ayah 8

أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ نُهُواْ عَنِ ٱلنَّجۡوَىٰ ثُمَّ يَعُودُونَ لِمَا نُهُواْ عَنۡهُ وَيَتَنَٰجَوۡنَ بِٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡعُدۡوَٰنِ وَمَعۡصِيَتِ ٱلرَّسُولِۖ وَإِذَا جَآءُوكَ حَيَّوۡكَ بِمَا لَمۡ يُحَيِّكَ بِهِ ٱللَّهُ وَيَقُولُونَ فِيٓ أَنفُسِهِمۡ لَوۡلَا يُعَذِّبُنَا ٱللَّهُ بِمَا نَقُولُۚ حَسۡبُهُمۡ جَهَنَّمُ يَصۡلَوۡنَهَاۖ فَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ ٨
Оо, пайгамбар! Ыймандуу адамды көргөндө өз ара жашыруун сүйлөшкөн жөөттөрдү көрбөдүңбү? Аллах аларды жашыруун сүйлөшүүдөн тыйган эле. Бирок кийин алар Аллахтын тыйган нерсесине кайра кайтышты жана ыймандууларды ушактоо, аларга душмандык кылуу, пайгамбарга баш ийбестик кылуу сыяктуу күнөө иштерди ич ара жашыруун сүйлөштү. Оо, пайгамбар! Качан алар сага келгенде, алар Аллахтын сага айткан саламынан башкача саламды айтышат. Бул алардын «ассааму алейка (сага өлүм болсун)» деген сөзү. Жана алар пайгамбарды жалганга чыгарып: «Аллах бизди бул айткан сөзүбүз үчүн жазалабайт беле? Эгер ал пайгамбармын деген сөзүндө чынчыл болсо, анда Аллах бизди ал тууралуу айткан сөзүбүз үчүн жазаламак» – деп айтышат. Алардын айткан сөздөрүнүн жазасына тозок жетиштүү. Алар анын ысык азабын тартышат. Алардын бара турган жайы кандай жаман жай!