Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Mujadila — Ayah 9

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا تَنَٰجَيۡتُمۡ فَلَا تَتَنَٰجَوۡاْ بِٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡعُدۡوَٰنِ وَمَعۡصِيَتِ ٱلرَّسُولِ وَتَنَٰجَوۡاْ بِٱلۡبِرِّ وَٱلتَّقۡوَىٰۖ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ ٱلَّذِيٓ إِلَيۡهِ تُحۡشَرُونَ ٩
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Жөөттөргө окшобошуңар үчүн күнөөнү же душмандыкты же пайгамбарга карата баш ийбестикти камтыган нерселер тууралуу ич ара жашыруун сүйлөшпөгүлө! Аллахка моюн сунууну жана Ага баш ийбестиктикти тыюуну камтыган нерселерди жашыруун сүйлөшкүлө! Жана Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан корккула! Силер кыямат күнү сурак жана сыйлык-жаза үчүн жалгыз Ага гана чогултуласыңар.