Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Hashr — Ayah 13

لَأَنتُمۡ أَشَدُّ رَهۡبَةٗ فِي صُدُورِهِم مِّنَ ٱللَّهِۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ قَوۡمٞ لَّا يَفۡقَهُونَ ١٣
Оо, ыймандуулар! Силер эки жүздүүлөрдүн жана жөөттөрдүн жүрөктөрүнө Аллахтан да катуураак коркунуч салдыңар. Алардын силерден катуу корккондугу жана Аллахтан болгон коркунучтарынын аздыгы тууралуу бул айтылгандардын себеби, алар түшүнбөгөн жана аңдабаган коом. Эгерде алар түшүнгөндө, анда коркууга жана сестенүүгө Аллах гана татыктуу экенин билишмек. Ошондуктан Ал силерге алардын үстүнөн бийлик берди.