Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Hashr — Ayah 14

لَا يُقَٰتِلُونَكُمۡ جَمِيعًا إِلَّا فِي قُرٗى مُّحَصَّنَةٍ أَوۡ مِن وَرَآءِ جُدُرِۭۚ بَأۡسُهُم بَيۡنَهُمۡ شَدِيدٞۚ تَحۡسَبُهُمۡ جَمِيعٗا وَقُلُوبُهُمۡ شَتَّىٰۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ قَوۡمٞ لَّا يَعۡقِلُونَ ١٤
Оо, ыймандуулар! Жөөттөр силер менен бирге чептер менен корголгон шаарлардын ичинде же дубалдардын арт жагында гана согушушат. Алар коркоктугу үчүн силер менен бетме-бет чыга алышпайт. Алардын ич ара душмандыктары себептүү күч-кубаттуулугу өздөрүнүн ортосунда гана күчтүү. Сен алардын сөзү жана катары бир деп ойлойсуң, бирок акыйкатта алардын жүрөктөрү бытыранды жана ар башка. Бул пикир келишпестик жана душмандык алардын акыл жүгүртпөгөнү себептүү. Эгерде алар акыл жүгүртүшкөндө, анда акыйкатты билишмек жана аны ээрчишмек, ал тууралуу талашып-тартышмак эмес.