Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Hashr — Ayah 21

لَوۡ أَنزَلۡنَا هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانَ عَلَىٰ جَبَلٖ لَّرَأَيۡتَهُۥ خَٰشِعٗا مُّتَصَدِّعٗا مِّنۡ خَشۡيَةِ ٱللَّهِۚ وَتِلۡكَ ٱلۡأَمۡثَٰلُ نَضۡرِبُهَا لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمۡ يَتَفَكَّرُونَ ٢١
Оо, пайгамбар! Эгер Биз бул Куранды тоого түшүргөн болсок, анда сен ал тоонун бекемдигине карабастан, Аллахтан болгон катуу коркунучтан улам бой сунуп, бөлүнүп-жарылганын көрмөксүң. Анткени Куранда эскертүүчү насааттар жана катаал азаптар тууралуу убадалар бар. Биз бул мисалдарды адамдар акыл жүгүртүп, андагы аяттарда камтылган осуяттардан жана насааттардан сабак алсын үчүн келтиребиз.