Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Hashr — Ayah 22

هُوَ ٱللَّهُ ٱلَّذِي لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ عَٰلِمُ ٱلۡغَيۡبِ وَٱلشَّهَٰدَةِۖ هُوَ ٱلرَّحۡمَٰنُ ٱلرَّحِيمُ ٢٢ هُوَ ٱللَّهُ ٱلَّذِي لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡمَلِكُ ٱلۡقُدُّوسُ ٱلسَّلَٰمُ ٱلۡمُؤۡمِنُ ٱلۡمُهَيۡمِنُ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡجَبَّارُ ٱلۡمُتَكَبِّرُۚ سُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يُشۡرِكُونَ ٢٣
Ал – Аллах. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал жашыруунду да, ачыкты да Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Дүйнө менен акыреттин Ырайымдуусу жана алардын Мээримдүүсү. Анын ырайымы бүткүл ааламды өзүнө камтыйт. Ал – Падыша, бүткүл кемчиликтерден Аруу жана Ыйык, бардык айыптардан Таза, Өзүнүн элчилерин кереметтүү аяттар менен Тастыктоочу, пенделеринин иш-аракеттерин Көзөмөлдөөчү, эч кимге жеңилбес Кудуреттүү, Өзүнүн күч-кудурети менен бардык нерсени багыткан Күчтүү, Текебер. Ал мушриктердин шерик кылган кудайларынан жана башка нерселеринен Аруу жана Ыйык.