Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Jumu'ah — Ayah 10

فَإِذَا قُضِيَتِ ٱلصَّلَوٰةُ فَٱنتَشِرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَٱبۡتَغُواْ مِن فَضۡلِ ٱللَّهِ وَٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ كَثِيرٗا لَّعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ ١٠
Ал эми жума намазын окуган соң адал эмгек кылуу жана муктаждыгыңарды канааттандыруу үчүн жер бетине таркагыла, адал эмгек жана таза киреше аркылуу Аллахтан жакшылыктарды сурагыла жана ырыскы издеген кезде Аллахты көп эстегиле. Ырыскы издөө силерге Аллахты эстөөнү унуттуруп койбосун. Балким ошондо издеген нерсеңерге жетип, корккон нерсеңерден кутуласыңар.