Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Jumu'ah — Ayah 9

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا نُودِيَ لِلصَّلَوٰةِ مِن يَوۡمِ ٱلۡجُمُعَةِ فَٱسۡعَوۡاْ إِلَىٰ ذِكۡرِ ٱللَّهِ وَذَرُواْ ٱلۡبَيۡعَۚ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ ٩
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эгерде азанчы жума күнү имам минбарга чыккандан кийин намазга азан айтса, анда силер хутбага жана намазга катышуу үчүн мечиттерге шашылгыла жана силерди ибадаттан алаксытпаш үчүн соода-сатыкты таштагыла. Оо, ыймандуулар! Мечитке шашылуу жана жума намаздын азанынан кийин соода-сатыкты таштоо тууралуу бул айтылган буйрук, эгер билсеңер, силер үчүн жакшы. Ошондуктан Аллах силерге буйруган нерсени аткаргыла.